Руда. Архивдик сурөт

Миллиондогон сомдор! Кытайлык ишкана Алайдан сурьма кошулмасын чыгарып кеткен

403
(жаңыланган 19:25 02.12.2018)
"Мыйзамсыз ишкердүүлүк" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулук боюнча мамлекеттик кызмат курамында сурьма бар руда менен кошулманы экспорттогон факты таап чыкты. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашты.

"У.Т. и К." компаниясы 2017-жылдан тарта 1 764 тонна жогорудагыдай продукцияны Кытайдагы "Б." деп аталган компанияга жөнөткөн. Бул акча менен эсептей келгенде 6,209 миллион сом болгон.

Аталган ишканадан кен менен кошулманы Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү Алик Аликсуяк кенинен казгандыгын айтышкан. Экономика министрлигинен Финансы полициясына бул компаниянын импорт жана экспортко уруксат кагазы жоктугун айтышты. Алар муну менен ЕАЭБдин эрежелери бузулгандыгын кошумчалашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 180-беренесинин "Мыйзамсыз ишкердик" негизинде иш козголгон.

403
Белгилер:
сурьма, Алай району, Ош облусу, Кытай
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан келе жаткан жүк кирбей калды
Бир тоннага чукул мыйзамсыз лимону менен кыргызстандык ишкер колго түштү
Пикирлер