Караколдогу катуу шамалдын кесепети

Караколдо чатырлар учуп, бактар кулады. Бороондон кийинки сүрөттөр

500
(жаңыланган 19:25 02.12.2018)
ӨКМден билдиришкендей, шамалдын ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жетти.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жерликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады. Алардын ичинен Гебзе көчөсүндө жайгашкан №71 үй өзгөчө чыгым тартты. Шамал анын 50гө жакын шиферин учуруп кеткен.

  • Последствия сильного ветра в Караколе
    Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Последствия сильного ветра в Караколе
    Көбүнесе көп кабаттуу турак жайлар жабыркады.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Последствия сильного ветра в Караколе
    Алардын ичинен Гебзе көчөсүндө жайгашкан №71 үй өзгөчө чыгым тартты.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Последствия сильного ветра в Караколе
    Шамал анын 50гө жакын шиферин учуруп кеткен.
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Ысык-Көл облусунун аймагында 1-декабрга караган түнү кар аралаш бороон болуп, Каракол шаарында үйлөрдүн чатырын учуруп, бактар кулап, электр түркүктөрү жыгылды.

Ошондой эле бак-дарактар менен электр мамыларынын жолдо кулап жатканын көрүүгө болот.

Алдын-ала маалыматтарга караганда, бороондон жабыр тарткан адамдар жок.

ӨКМден билдиришкендей, 30-ноябрь күнү саат 23.30дар чамасында Каракол жана Балыкчы шаарларында ылдамдыгы секундасына 24-28 метрге жеткен шамал катталып, Каракол шаарында бир орто мектептин жана беш турак үйдүн чатырларын учурган.

Ал эми "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасынын билдиргенине караганда, жогорку чыңалуудагы линиянын үч түркүгү жабыркаган.

Учурда жеринде тиешелүү органдар иштеп, чыгымды эсептөө жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

500
Белгилер:
чатыр, үй, шамал, Балыкчы, Каракол, Ысык-Көл
Тема боюнча
Балыкчы ШИИБинин имаратынын чатырын шамал учуруп кетти. Сүрөт
Пикирлер