ИИМ: Жээнбековдун шайлоого сарптаган каражаты тууралуу "документ" текшерилүүдө

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПредвыборная агитация кандидата в президенты Сооронбая Жээнбекова
Предвыборная агитация кандидата в президенты Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармакта КСДПнын 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого кеткен чыгымы делген документтин көчүрмөсү тараган. Анда 1 миллиарддан ашуун сом көрсөтүлүп, бул мыйзамда жазылгандан кыйла көп акча экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. ИИМдин тергөө кызматы юрист Нурбек Токтакунов тарабынан жарыяланган материал боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Фарид Ниязов - Sputnik Кыргызстан
Фарид Ниязов шайлоого коротулган акча тууралуу пикирин айтты
Эскерте кетсек, 15-ноябрь күнү Токтакунов КСДПнын 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого кеткен чыгымы делген документтин көчүрмөсүн жарыялаган. Microsoft Excel файлында Жээнбековдун штабы тарабынан коротулду деп божомолдонгон сумма — 1 миллиардан ашуун сом көрсөтүлгөн. Бул мыйзам жол берген чыгымдан кыйла көп акча. Талапкердин шайлоо фондусунун жалпы чыгымы 165 миллион сомдон ашпашы керек. Ошол эле документте акча жумшалган иш-чараларга катышкан саясатчылардын, партия мүчөлөрүнүн аты-жөнү да көрсөтүлгөн.

КСДП президенттикке жалгыз Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин алып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0