Чаткалда милициянын эки кызматкерин сабады делген жергиликтүү 15 тургун кармалды

© AFP / Jose CABEZAS Задержание, арест подозреваемых
Задержание, арест подозреваемых - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын жакындары нааразычылык акциясына чыгышты.

ЖАЛАЛ-АБАД, 3-дек. – Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылында буга чейин милиция кызматкерлерин сабаган деген шек менен жергиликтүү 15 тургун 2-декабрь күнү кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди. 

Ага ылайык, кармалган 15 киши учурда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатат.

“Алардын жакындары нааразычылык билдирип Терек-Сай айылындагы Маданият үйүнүн алдына чогулушту. Топтолгон 100гө чукул жаранга облустук милициянын башчысы Кылыч Жолдошев жана райондун акими Канжар Эшалиев түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Райондун башчысы кармалгандар учурда суракка алынып жаткандыгын айтып, элди тынчтыкка, мыйзамсыз иш-аракеттерге барбоого чакырды. Ал эми эл 3-декабрь күнү кайрадан нааразычылык акциясына чыга тургандыктарын айтып, тарап кетишти”, — деди маалымат булак.

Эске салсак, буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүүлөр менен чыр чыккан. Тагыраагы, ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Мындан улам жергиликтүү жаштар чогулуп барып милициянын эки кызматкерин сабады делген маалымат тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0