Лейлектин Бужум жайлоосунда жылкы издеп кеткен киши дайынсыз болууда

© Sputnik / Александр Кряжев/Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүРегионы России. Республика Алтай, Алтайский край
Регионы России. Республика Алтай, Алтайский край - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар чатыр тигип түнөп чыгышты, издөө иштерин бүгүн да улантмакчы.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Бужум жайлоосунда жылкы издеп чыккан 52 жаштагы жаран дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 52 жаштагы жаран 29-ноябрда жылкы издейм деп чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес, ал Өзгөрүш айылында жашайт.

2-декабрда издөө иштери жүргүзүлүп, жалпысынан 25 куткаруучу тартылган. Бирок жыйынтык болгон жок. Куткаруучулар жеринде чатыр тигип түнөп, бүгүн да издөө иштерин улантат.

Жаңылыктар түрмөгү
0