Аялга күч көрсөтүү. Архивдик сүрөт

Fit унаасында кызды кое бербеген таксистке дагы эки аял доомат койду

838
(жаңыланган 01:14 04.12.2018)
Аялдар соцтармакка чыккан чуулуу видеодон кийин милицияга арыз жазышкан.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Милиция Бишкекте таксист тарабынан зордуктоого аракет тууралуу эки аялдын кайрылуусу боюнча кылмыш ишин козгобойт. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 27-ноябрда интернетке видео жарыяланып, анда эки жигиттин таксист кое бербей жаткан кызды коргоп калышканы айтылган. Унаадан чыккан кыз ыйлап жатканы, ал эми айдоочунун из жашырып кеткени белгилүү болгон.

Милиция 49 жаштагы Б.Ч. аттуу такистти ошол эле күнү кармаган. Андан сырткары, жабырлануучу кыз да табылып, анын жазган арызынын негизинде 28-129-берене ("Зордуктоого аракет") боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочу учурда тергөө абагында

Кийинчерээк милицияга дагы эки арыз түшкөнү маалымдалды. Аялдардын бири үстүбүздөгү жылдын февраль айында ушул эле таксист аны зордуктоого аракет кылганын жазган. Келиндин жашы 39да. Ал эми 29 жаштагы дагы бир аял ЖМКга чыккан маалыматтан улам айдоочуну тааныганын, ал дагы ушундай көрүнүшкө туш болгонун айтып, арыз менен кайрылган.

ШИИБ жаңы иш козголбой турганын, материалдардын баары буга чейин козголгон ишке тиркелерин белгиледи.

838
Белгилер:
арыз, таксист, зордуктоо, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Кызды унаасынан түшүрбөй кыйкырткан таксист тергөө абагына киргизилди
ШИИБ: Honda Fit унаасынан кызды ыйлатып түшүрбөй жаткан таксист кармалды
Пикирлер