Балдары кармалган чаткалдыктар бийликке 4 талап коюп кайра митингге чыгышты

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг продавцов рынка "Дыйкан" у здания Жогорку Кенеша
Митинг продавцов рынка Дыйкан у здания Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акциянын катышуучулары менен азырынча бийлик өкүлдөрү жолуга элек.

ЖАЛАЛ-АБАД, 3-дек. – Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын тургундары бүгүн да нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү жашоочулар билдирди.

Эске салсак, буга чейин "Эти Бакыр Терексай" ишканасынын аймагында кызматкерлер менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыккан. Тагыраак айтканда, ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышканы айтылган. Мындан улам жергиликтүү балдар чогулуп барып, алар менен кайра жаңжалдаша кеткен. Буга байланыштуу 2-декабрь күнү милиция кызматкерлери айылдын 15 тургунун кармап кеткен. Ошол эле күнү алардын ата-энелери жана айылдаштары нааразычылык билдирип митингге чыгышкан.

Айыл тургуну Алина Мадамбекованын айтымында, 200гө жакын киши чогулуп, айылдагы унаа жолдун боюнда турушат.

"Жергиликтүү эл бийликке төрт талап коюп жатабыз. Кармалган 15 киши бошотулсун, "Эти Бакыр Терексай" ишканасындагы жумушчулардын айлык акысы көтөрүлсүн. Айлык акы көтөрүлмөйүнчө иш таштоо улана берет. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда аталган ишкана ишмердүүлүгүн токтотсун. Биз талаптарыбыз аткарылмайынча нааразычылык акциясын уланта беребиз", — деди Мадамбекова.

Митинг сторонников Садыра Жапарова у здания ГКНБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Иштамберди кенинин иштешине нааразы болгондор кайрадан митингге чыкты
Кабарчынын билдиришинче, милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлгө алууда. Азырынча эл менен бийлик өкүлдөрүнүн бири да жолуга элек.

Белгилей кетсек, "Эти Бакыр Терексай" ишканасы 2015-жылы Чаткалдагы Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштете турган лицензия үчүн 20 миллион доллар төлөгөн

Терек кени 1941-жылы, ал эми Тереккан 1934-жылы ачылган. 1950-2001-жылдардын аралыгында аталган кендерди Кадамжай сурьма комбинаты иштетип келген. Алтындын запасы Теректе 14,644 тонна, Перевальное кенинде 7,502 тонна, ал эми Терекканда 5,062 тонна экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0