"Ош" базарында түндө чыккан өрт 4 сааттан кийин өчүрүлдү

Жазылуу
Тилсиз жоо болжол менен 500 чарчы метр аянтты жалмап кеткен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунун аймагында жайгашкан "Ош" базарында чыккан өрт түнкү саат 3.31де толугу менен өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди. 

Эскерте кетсек, өрт тууралуу маалымат 23.39да түшкөн. Кырсык болгон жерде алты бригада иштегени айтылган.

"Базардын Токтогул жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги кийим-кече сатылуучу контейнерлер күйгөн. Өрт саат 00.52де чектөөгө алынып, 3.31де толугу менен өчүрүлдү. Тилсиз жоо болжол менен 500 чарчы метр аянтты жалмап кеткен", — деп айтылат ӨКМдин маалыматында.

Ушу тапта кырсыктын себеби такталып жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0