Машина на которой был совершен автонаезд на пешехода на 33-м километре дороги возле села Красная Речка

Ысык-Атада Mercedes-Benz коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду

150
(жаңыланган 16:33 05.12.2018)
Кырсыкка себепкер киши жардам көрсөтпөстөн ал жерден кетип калган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди.

  • Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди
    Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
  • Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 2.20ларда болгон.
    Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 2.20ларда болгон.
    © Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
1 / 2
© Фото / пресс-служба УОБДД по ГУВД Чуйской области
Ысык-Ата районуна караштуу Красная речка айылынын жолунан унаасын түртүп келе жаткан 18 жаштагы жигитти Mercedes-Benz үлгүсүндөгү машина коюп каза болгонун Чүй облустук милициясы билдирди

Маалыматка ылайык, кырсык 3-декабрга караган түнү болжол менен саат 2.20ларда болгон. Чыгыштан батышты көздөй келе жаткан Mercedes-Benz ошол эле багытта унаасын түртүп келе жаткан уланды сүзүп, эч жардам көрсөтпөстөн из жашырып кеткен. Алган жаракатынан улам жигит Кант шаарындагы ооруканага жетпей жолдон үзүлгөн.

Милиция 4-декабрда кырсык болгон жерге түшүп калган фарадан улам унааны таап, ээсин аныктады. Дмитриевка айылынын 63 жаштагы тургуну кармалып, унаасы айып короого токтотулду.

150
Белгилер:
милиция, унаа, жол кырсыгы, Ысык-Ата району
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (356)
Тема боюнча
Унаасы бир нече жолу аласалып кеткен. Ошто милициянын майору каза тапты
Ысык-Көлдө эки аялды машина коюп кетип, бирөө каза болду
Пикирлер