Ысык-Көлдө жер силкинди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер силкинүү саат 16.11де болгон.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда очогундагы күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер силкинүү 5-декабрь күнү саат 16.11де болгон.

Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0