Нарындын Ак-Талаасында жер титиреди

© AP Photo / STRЖер титирөө графиги. Архив
Жер титирөө графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүү Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт, Ак-Чий, Баетов жана Байгөнчөк айылдарында сезилген.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер 6-декабрь күнү саат 11.05те силкинген.

Жер титирөө Ак-Талаа районунун Терек, Кара-Булак, Орто-Сырт айылдарында 3,5 баллга, Ак-Чий, Баетов айылдарында 3 жана Байгөнчөк айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0