Машина на которой был совершен автонаезд на пешехода на 33-м километре дороги возле села Красная Речка

Чүй ОИИБ: унаасын түртүп бараткан баланы милиция бөлүмүнүн башчысы коюп кеткен

576
(жаңыланган 10:52 07.12.2018)
Буга чейин Дмитриевка айлынын 63 жаштагы тургуну кармалып, факты боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Красная речка айылында унаасын түртүп бара жаткан 18 жаштагы жигитти сүзгөн киши Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы О.М. болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй милициясынан кабарлашты.

Эскерте кетсек, жол кырсыгы 3-декабрга караган түнү болуп, жигит ооруканага бараткан жолдо каза болгон. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Ошол эле күнү район милициясы тарабынан кылмыш иши козголуп, кырсыкка себепкер делген Дмитриевка айлынын 63 жаштагы тургуну кармалган.

"Бирок ИИМдин ички тергөө кызматы качып кеткен айдоочу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери болушу мүмкүн экенин айткан. Кырсык болгон аймактагы видеокамераларды карагандан кийин айдоочунун улгайган адам эмес, жаш жигит экени аныкталган. 5-декабрда Ак-Суу РИИБинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси О.М. кармалып, болгон окуяны моюндады", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда милициянын прапорщиги менен Ысык-Ата РИИБинин тергөөчүлөрү иштеп жатат.

576
Белгилер:
жол кырсыгы, милиция, Ысык-Ата району
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (356)
Тема боюнча
Ошто КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, бир адам көз жумду
Ысык-Атада Mercedes-Benz коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду
Пикирлер