В результате лобового столкновения легкового автомобиля и КамАЗа в Ошской области погиб гражданин Китая

Оштогу жол кырсыгында кытай жараны каза болду. Окуянын сүрөтү

401
(жаңыланган 10:52 07.12.2018)
Кырсыктын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. 5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

  • 5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды
    5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
  • Эске салсак, шейшембиде Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, алдын-ала маалыматтар боюнча бир адам көз жумганы айтылган
    Эске салсак, шейшембиде Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, алдын-ала маалыматтар боюнча бир адам көз жумганы айтылган
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
  • Милициянын тактоодон кийинки билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинин 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы кытай жараны каза тапкан
    Милициянын тактоодон кийинки билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинин 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы кытай жараны каза тапкан
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
  • Учурда жол кырсыгынын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.
    Учурда жол кырсыгынын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.
    © Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
1 / 4
© Фото / пресс-служба УОБДД Ошской области
5-декабрь күнү Ош облусунда болгон жол кырсыгында эки адам көз жумуп, алардын бири 51 жаштагы чет элдик жаран экени аныкталды

Эске салсак, шейшембиде Кара-Суу районунун Каратай айылында Toyota Avensis унаасы менен КамАЗ бетме-бет сүзүшүп, алдын-ала маалыматтар боюнча бир адам көз жумганы айтылган.

Милициянын тактоодон кийинки билдиргенине караганда, кырсыктын кесепетинин 32 жаштагы кыргызстандык жана 51 жаштагы кытай жараны каза тапкан.

"16.00дө Ош — Сары-Таш унаа жолу менен Ошту көздөй бара жаткан Toyota Avensis алдынан келе жаткан унааны буйтап өтөм деп жол жээгинде токтоп турган КамАЗды сүзүп алган. Жеңил унаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчү облустук ооруканага жеткирилип, ал жактан экөө каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда жол кырсыгынын себептерин Кара-Суу райондук милициясы иликтеп жатат.

401
Белгилер:
өлүм, жол кырсык, унаа, Ош облусу
Тема:
2018-жылы Кыргызстанда катталган жол кырсыктары (356)
Тема боюнча
Чүй ОИИБ: унаасын түртүп бараткан баланы милиция бөлүмүнүн башчысы коюп кеткен
Ошто КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, бир адам көз жумду
Пикирлер