Дарыканага кол салгандардын арасында 16 жаштагы бала болгон. Сүрөт

Жазылуу
Кылмышка шектүү делип эки бала кармалып, үчүнчүсү изделип жатат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Борбор калаадагы дарыканалардын бирине белгисиз адамдар кол салганын Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБорбор калаадагы дарыканалардын бирине белгисиз адамдар кол салганын Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады
Разбойное нападение на аптеку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы дарыканалардын бирине белгисиз адамдар кол салганын Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады

Окуя боюнча билдирүү Ленин райондук милиция бөлүмүнө 23-ноябрда түшкөн. Маалым болгондой, белгисиз адамдар дарыкананын сатуучусуна тапанча такап, андан 22 миң сом алып, изин суутуп кетишкен.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Разбойное нападение на аптеку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Факты боюнча, Кылмыш кодексинин 168-беренеси ("Каракчылык") менен иш козголгон.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаШектүү
Разбойное нападение на аптеку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Шектүү

Кийинчерээк шектүү делип 21 жана 16 жаштагы жарандар кармалган. Алардын батиринен тапанча, бет кап жана баңгизат табылды. Экспертиза тапанча травматикалык экенин, ал эми баңгизат 25 грамм өлчөмүндөгү гашиш экенин көрсөткөн.

Учурда үчүнчү шектүү изделип жатканын милициядан кошумчалашты.

21 жаштагы бала эки айга №1 тергөө абагына киргизилсе, өспүрүм №14 абакка камалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0