Ымыркай. Архив

Күйөөсү менен урушкан аял эмчектеги кызын жылаңачтап балконго чыгарып койгон

1137
(жаңыланган 09:56 09.12.2018)
Окуя тууралуу наристенин атасы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Россиянын Балаково шаарында жашаган 22 жаштагы келин өзүнүн үч айлык кызын жылаңачтап, кыштын суугунда балконго алып чыгып койгон. Бул тууралуу Вольск.ру порталына шилтеме берип Sputnik Казакстан жазды.

Маалыматка караганда, келин мындай кадамга жолдошу менен уруша кетип, андан өч алуу максатында барган.

"Аялым төрөттөн кийин депрессияга кабылды. Кызымды суукта балконго алып чыгып, анысын сүрөткө тартып менин телефонума жөнөттү. Мен ал убакта жумушта болгондуктан, эч нерсе кыла алган жокмун", — деп наристенин 28 жаштагы атасы өз баракчасына жазды.

Башка маалыматтарга караганда, жубайлар оту күйүшпөй ажырашабыз деп жүргөндүктөн, келин мындай жол менен күйөөсүнөн алимент алууну көздөгөн.

Окуядан кийин облустук прокуратура жаш үй-бүлөнү текшерүүгө барган. Учурда наристе кандай шартта жашаары жана ата-энеси тараптан канчалык кам көрүлүп жатканы иликтенүүдө.

1137
Белгилер:
балкон, депрессия, наристелер, Россия
Тема боюнча
Бишкекте мигрант энеси курбусуна таштап кеткен 2 жашар наристе чарчап калды
Эмчи Зайналиев дарылаган наристе оор абалда. Министрлик күч органдарына кайрылат
Пикирлер