Лейлекте КамАЗ оодарылып, үч киши каза болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүФедеральная автомобильная дорога Абакан - Кызыл в Красноярском крае
Федеральная автомобильная дорога Абакан - Кызыл в Красноярском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 9-декабрда саат 05:30дар чамасында болгон.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Ош — Баткен — Исфана жолунун 337-чакырымында (Белес тилкеси) КамАЗ жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, жол кырсыгы 9-декабрда саат 05:30дар чамасында болгон. Анын кесепетинен 25, 33 жана 39 жаштагы үч киши мерт болгон.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар каза тапкан адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0