Жумгалда Көкөмерен суусуна түшүп кеткен бала табылбай жатат

© Sputnik / Геннадий ЗакировПрирода Кыргызстана. Долина реки Кокомерен
Природа Кыргызстана. Долина реки Кокомерен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМден тестиерди табууга беш куткаруучу тартылганын кабарлашты.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Жумгал районунун Кабак айылынын аймагы аркылуу өткөн Көкөмерен дарыясына 9 жаштагы бала түшүп кетип, изделип жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кырсык 7-декабрда түш ченде болгон. ӨКМдин куткаруучулары баланы үч күндөн бери таппай жаткандыгы, издөө бүгүн, 10-декабрда да улантылары айтылды.

Министрликтен тестиерди табууга беш куткаруучу тартылганын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0