Бурулайдын өлүмүнө шектүүлөр. Архивдик сүрөт

Бурулайдын өлүмү: прокурор Бөдөшевди 23 жылга кесүүнү сурады

229
(жаңыланган 09:55 11.12.2018)
Жабырлануучу тараптын жактоочулары күнөөлөнүп жаткан кишини эркинен өмүр бою ажыратууну сурады.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектелип жаткан Марс Бөдөшевди жабырлануучу тараптын жактоочулары өмүр бою эркинен ажыратууну суранышты. Сот жараяны учурда Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.

Мамлекеттик айыптоочу 19 жаштагы Бурулай Турдали кызын ала качып кеткен Марс Бөдөшевди 23 жыл эркинен ажыратууну суранды. Анда күнөөлөнүп жаткан адамдын убактылуу кармоо жайында отурган бир күнү эки күнгө эсептелери айтылды. Мындан сырткары, кызды ала качууга катыштыгы бар делген Сейитовго жети жыл берүүнү сурап, анын убактылуу кармоо жайында отурган бир күнүн эки күн болуп эсептелерин кошумчалады. Прокурор күнөөлөнүп жаткандардын айыбы күбөлөрдүн көрсөтмөсү жана экспертизанын жыйынтыгы менен далилденгендигин айтты.

Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
© Sputnik / Эмиль Садыров , предоставлено Миргуль Турдалиевой
Анткен менен каза болгон кыз тараптын жактоочусу Бөдөшевди эркинен өмүр бою ажыратууну сурады.

Эске салсак, 2018-жылы 28-майдын түнүндө 30 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган. Кыз алган жараатынан улам каза болуп, эркек киши ооруканага түшкөн.

Окуядан кийин Чүй милициясынын жетекчиси жумуштан айдалып, укук коргоо органдарынын башка кызматкерлерине дисциплинардык чара көрүлгөн.

Ал эми айыпталып жаткан киши өткөн жолу болгон сот жараянында окуя боюнча өзүнүн версиясын айткан. Аларды милициянын бөлүмүнө алып келгенден кийин "ошол маалда ким экенин билбейм, бирөө ызырынып, сөгүнүп өтүп кеткен. Мен аны карап калсам, Бурулай күлүп койгон. Ошол бойдон эмне болгонун билбейм. Көзүмдү ачсам, ооруканада жатыптырмын" деген.

229
Белгилер:
сот, милиция, өлүм, кыз ала качуу, Бурулай Турдали кызы
Тема:
Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай (37)
Тема боюнча
Жаныман ызырынган бирөө өткөн. Бурулайдын өлүмүнө шектүү Бөдөшев өз версиясын айтты
Сүрөтү калды тартылып... Жатакананын дубалындагы Бурулайдын элеси. Видео
Бишкекте Бурулайдын портрети жатакананын дубалына тартылды
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

24
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

24
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты
Внедорожник марки Toyota Land, водитель, которого протаранил будку с охранником в центре Бишкека

Куралы бар экен, абайлагыла! Бишкекке жакын жолдогу кинодогудай куугундун видеосу

1299
(жаңыланган 23:44 06.06.2020)
Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин борборунда күзөтчүнүн будкасын бир нече ирет талкалай сүзүп, дагы бир кызматкер менен мушташкан айдоочуну Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери кантип кармаган видео тарады.

Эске салсак, ал Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде чатак чыгарып, бир нече ирет будканы сүзүп, мушташып, андан жолтандабасын айдап жок болгон.

Көп өтпөй аны автоинспекторлор Токмок аймагынан кармады деген маалымат келип түшкөн. Айдоочунун ичип алганы жана 30 жашта экени айтылып, сүрөтү жарыяланган

Көп өтпөй кудум кинофильмге окшогон сюжеттеги видео интернетке коюлду.

"Sputnik Кыргызстан" Телеграм-каналына чыккан видеодо анын Бишкек — Торугарт трассасында автоинспектордун артынан кууган эки бригадасына моюн бербей качып бара жаткандыгын көрүүгө болот. Окуяны видеого тарткан жаран комментарий берип, ал тургай ок атылганын айтканы даана угулуп турат.

Кара түстүү ири жолтандабастын калдаңдап, бирде жолдун бул тарабына, бирде экинчи тарабына чыгып, катуу ылдамдык менен бара жатканын көрүүгө болот. Ал тартип сакчылардан бир топ жерге чейин качып барып, чаңды сапырылта, тегеренип барып оң тарапка токтогон.

Кадрдан чыккан үндөн "куралы бар экен, айбайлагыла" деп эскертип жатканын угууга болот.

Кинофильмдеги фрагменттерди эске салган бул видеодон тартип сакчыларынын жаракат алганы байкалган жок.

Тартип сактоо органдарындагы маалымат булактары Токмокко чейинки жолдо айдоочу бир нече блок-постторду да жөөлөй, сүзүп кеткендигин айтышты.

 

1299
Белгилер:
кармоо, тартип, күзөтчү, жолтандабас, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Бишкек: будканы талкалай сүзүп, күзөтчү менен мушташкан айдоочу кармалды. Сүрөт