Супермаркеттен 40 миң сомдук товар уурдап кеткен. Шектүү аял үй камагына алынды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСупермаркет. Архив
Супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү соттун чечими менен үй камагына алынды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында борбор калаадагы супермаркеттердин биринде белгисиз аял 40 миң сомдук товарды уурдап кеткен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден маалымдашты.

Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Үйдөгү жаңжалды арачалаган кошунасын бычактап... Шектүү колго түштү
Билдирмеге караганда, супермаркеттин администратору Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Анын негизинде Криминалдык милициянын кызматкерлери кылмышка шектүү катары 30 жаштагы аялды кармаган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурулук") боюнча кылмыш иши козголду.

Сот шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, үй камагына алды. Тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0