Тапанча кармаган киши. Архивдик сүрөт

КРдин эмгек сиңирген артистин өлтүрүүгө буюртма алды деген шектүү кармалды

2499
(жаңыланган 10:19 14.12.2018)
Милициянын маалыматында белгисиз эки жаран артист менен жубайын өлтүрүү үчүн кылмышкерге 10 000 доллар сунуштаганы айтылат.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Нурканбек Турсунбаев менен жубайын өлтүрүүгө буюртма алды деп шектелген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, белгисиз эки жаран аларды өлтүрүү үчүн кылмышкерге 10 000 доллар сунуштап, алгачкы акысы катары 1000 доллар беришкен.

"Буга чейин Бишкектин тургуну маалымат жыйын өткөрүп маданияттын эмгек сиңирген ишмери делген аял Турсунбаев менен жубайын өлтүрүүгө буюртма берилгендиги туурасында билдирген. Анын айтымында, чыр 2016-жылы ал аялдын эл артисти наамын алганы, ага кошумча диплому жасалма экени ачыкталгандан кийин чыккан. Мунун арты бейбаштык иш-аракеттери менен ур-токмокко алууга, адам өлтүрүүгө буюртма берүүгө алып келген", — деп айтылат маалыматта.

Нурканбек Турсунбаевдин сабалышы боюнча ушул жылдын ноябрь айында 234-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. Ал эми адам өлтүрүүгө буюртма берүү фактысы боюнча октябрда 27-97-беренелердин ("Адам өлтүрүүгө даярдануу") негизинде кылмыш ишин козгогон. Быйыл жазда документтерди жасоо фактысы боюнча иш козголгон болчу.

"А.А. аттуу негизги күбө суракка алынып, көрсөтмө берген. Анда Турсунбаев менен аялын өлтүрүү үчүн эки жаран ага 10 000 доллар сунуштап, алгачкы акысы катары 1000 доллар бергенин айткан. Ал башында тергөө менен кызматташып, кийинчерээк изин жашырып кеткен. Ноябрда ага издөө жарыяланган. Натыйжада ал кармалып 12-декабрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2 айга тергөө абагына киргизилди", — деп билдиришти милициядан.

Азыркы учурда бардык козголгон кылмыш иши боюнча ыкчам тергөө амалдары жүрүп жатат. Иш ИИМ жетекчилигинин көзөмөлүндө.

2499
Белгилер:
буюртма, милиция, Нуркан Турсунбаев, Бишкек
Тема боюнча
Ысык-Көлдө ишкердин Geländewagen автосун өрттөп кетишкен. Шектүү кармалды
40 миң сомго күйөөсүн көз алдында бычактатып... 90-жылдардагы кылмыштар
Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр ишканасынын аймагында өрт өчүрүү

Кара-Кече көмүр кенинен өрт чыкты. Сүрөт, видео

54
(жаңыланган 11:26 25.01.2021)
Тилсиз жоо саат 10дордо чектөөгө алынган. "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы транспорттук таразалардын бири өрттөнгөнүн билдирди.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Нарын облусундагы "Кара-Кече" көмүр ишканасынын аймагында өрт чыкканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМдин билдиришинче, өрт ишкананын аймагындагы контейнерден чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 08:20да Жумгал районунан бир бөлүм тартылып, саат 10:05те чектөөгө алынган.

Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы транспорттук таразалардын бири өрттөнгөнүн билдирди.

"Болжолдуу маалымат боюнча, жүктүн салмагын тарткан жерден электр зымдары тийишип кеткен. Контейнердеги компьютер, стол, стулдар күйгөн. Өрт көмүр казуу ишине таасирин тийгизген жок, жумуш штаттык режимде уланып жатат. Жакынкы күндөрү күйгөн жер калыбына келтирилет. Документтер башка жүк ченеген жайда болчу, аларга зыян келген жок", — деп билдирди ишкана.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

54
Белгилер:
өрт, ӨКМ, Кара-Кече, Кыргызстан
Тема боюнча
Түндө Бишкекте азык-түлүк саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео
Асмандагы учак. Архив

Бразилияда учак кулап, мелдешке бара жаткан төрт футболчу каза тапты

54
(жаңыланган 10:58 25.01.2021)
Бортто пилоттон тышкары футбол клубунун президенти жана төрт спортчу болгон. Футболчулардын курагы 23 жаштан 28 жашка чейинки жигиттер экени айтылат.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бразилияда учак кулап, анын кесепетинен алты киши көз жумду. Маркумдардын төртөө футболчу  экенин "Известия" жазды.

Авиакырсык кечээ Токантис штатынын Порту-Насиунал шаарында болгон. Аба кемеси учуучу тилкеден көтөрүлгөндөн бир аздан кийин эле кайра кулап түшкөн.

Бортто пилоттон тышкары "Пальмас" футбол клубунун президенти жана төрт спортчу болгондугу кабарланды. Апаатта бирөө да аман калган эмес. Спортчулардын бардыгы 23 жаштан 28 жашка чейинки жигиттер экени айтылат.

"Пальмас" клубу бүгүн, 25-январда, Гояния шаарында жергиликтүү команда менен беттешмек. Эми оюнду кийинкиге жылдыруу каралып жатат.

Басылма авиакырсыктын эмнеден келип чыкканы аныкталып жаткандыгын да жазды.

54
Белгилер:
футбол, өлүм, кырсык, учак, Бразилия
Тема боюнча
39 кишинин өлүмүнө ким күнөөлүү? Дача СУдагы авиакырсыктын анык себеби
Индонезияда Boeing 737 учагы деңиздин үстүнө кулады
Нуска китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова

Садыкулова: жаман китеп болбойт

0
(жаңыланган 12:28 25.01.2021)
"Нуска" китеп борборунун жетекчиси Анаркан Садыкулова "жаман китеп" деген түшүнүк жоктугун,  жаман окурман болушу мүмкүн экендигин айтты.
Садыкулова: жаман китеп болбойт

Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.

"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.

Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.

0
Белгилер:
жаштар, билим, китеп
Тема боюнча
Өлкөдө көзү азиздер үчүн окуу китептер басып чыгарылды