Бетин жапкан кыз. Архивдик сүрөт

Автоунаада ыйлаган боюнча калган кыз. ИИМ инспекторлорго чара көрдү

1063
(жаңыланган 19:27 14.12.2018)
Интернеттеги видеодон кийин шаардык ЖККББнын башчысы жазага тартылган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. ИИМдин ички териштирүү кызматы автоинспекторлор коркунучта калтырып кеткен кыздын окуясы боюнча үн катты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин интернетте автоинспекторлор айнектери караңгылатылган унааны токтотуп, ичинен аялдын кыйкырып жардам сураган видеосу тараган. Унаанын айдоочусу байкеси менен жеңеси чырдашып жатат деп түшүндүргөн. Анткен менен салондон "мен анын жубайы эмесмин!" деген үн чыккан. Инспекторлор эч кандай жардам бербестен айдоочуну кое берген. 

"Кыздын абалы жакшы. Аман-эсен, ден соолугу дурус", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Ички териштирүүдөн кийин эки инспектор менен батальондун командири кызматтан бошотулуп, Бишкек ЖККББнын башчысы менен бир катар кызматкерлерине сөгүш берилген.

1063
Белгилер:
билдирүү, видео, кыз, инспектор, ИИМ
Тема боюнча
Бишкекте айдоочу унааны эвакуациялоо маалында инспектор менен жакалаша кетти. Видео
Күнүнө 2600 айдоочу автоинспекторго түшөт. Бир жумалык статистика