Мэрия: "Бишкекжашылчарбасындагы" өрт атайылап коюлушу мүмкүн

© пресс-служба мэрии города БишкекТушение пожара на территории МП "Бишкекзеленхоз"
Тушение пожара на территории МП Бишкекзеленхоз - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан. Алдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Бишкекжашылчарбасынын" аймагында чыккан өрттү көргөн күбөлөр ал атайылып коюлушу мүмкүн дешүүдө. Анткени бир убакытта үч жерде жалын тутанган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Бишкекжашылчарбасынын" аймагында чыккан өрттү көргөн күбөлөр ал атайылып коюлушу мүмкүн дешүүдө
Бишкекжашылчарбасынын аймагында чыккан өрттү көргөн күбөлөр ал атайылып коюлушу мүмкүн дешүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/4
"Бишкекжашылчарбасынын" аймагында чыккан өрттү көргөн күбөлөр ал атайылып коюлушу мүмкүн дешүүдө
© пресс-служба мэрии города БишкекАталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан
Аталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан - Sputnik Кыргызстан
2/4
Аталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан
© пресс-служба мэрии города БишкекАлдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган
Алдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Алдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган
© пресс-служба мэрии города БишкекМэрия тараткан маалыматка ылайык, жер семирткич үчүн даярдалган жалбырактар, бактын бутактары күйгөн.
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, жер семирткич үчүн даярдалган жалбырактар, бактын бутактары күйгөн. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, жер семирткич үчүн даярдалган жалбырактар, бактын бутактары күйгөн.
1/4
"Бишкекжашылчарбасынын" аймагында чыккан өрттү көргөн күбөлөр ал атайылып коюлушу мүмкүн дешүүдө
2/4
Аталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан
3/4
Алдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган
4/4
Мэрия тараткан маалыматка ылайык, жер семирткич үчүн даярдалган жалбырактар, бактын бутактары күйгөн.

Аталган муниципалдык ишкананын аймагында өрт 16-декабрга караган түнү чыккан. Алдын ала маалымат боюнча жалын миңден ашык чарчы метр жерге жайылган. Өрт таңкы саат 5:28де чектөөгө алынган.

Мэрия тараткан маалыматка ылайык, жер семирткич үчүн даярдалган жалбырактар, бактын бутактары күйгөн.

"Өз алдынча өрт чыкты деген версия туура келбейт. Анткени жалбырактар менен бутактар чириши үчүн кеминде үч жылдан ашык нымдуу болуп турушу керек", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын башчысы Элнура Жолдошеванын айтымында, өрт чыккан жерде кургак чөп жок. Ал өрттү билген эле киши койду деп шектенүүдө.

Караколдогу “Ак-Тилек” базарында өрт чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Караколдогу “Ак-Тилек” базарында өрт чыкты. Видео
"Эгер кимдир бирөө чылымды өчүрбөй туруп таштап койсо, мынчалык өрт чыкмак эмес. Жайында чыгышы мүмкүн эле, бирок кышында эмес. Анткени ал жердеги кар жакында эле ээрип, жер ным болчу. Биз эки жума мурда бак-дарактарды кырккан бөлүмдү кыскартканбыз. Бул окуя менен өрттүн байланышы барбы, билбейм. Кыскаргандардын айрымдарына башка жумуш таап берип, кээси бош калган. Эми мен ошолор өрттөп жиберди деп айта албайм, тергөө аныктайт", — деди Жолдошева.

Кырсык болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат. Алар өрттү көргөндөрдү жана ал жакка жакын жашаган тургундарды сурашты. Жолдошева ошондой эле өрт ишкананын жумушуна кедергисин тийгизбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0