Маркум Мамажакыповдун туугандары: башка прокурорлордун аялдары да бир нерсе билген

© Sputnik / Зульфия ТургуноваУбийство прокурора Анарбая Мамажакыпова в Баткене
Убийство прокурора Анарбая Мамажакыпова в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун жакындары 2 миң кишинин колу коюлган өтүнүч катты президент Сооронбай Жээнбековго жолдошту.

ОШ, 17-дек. — Sputnik. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов киши колдуу болгон күнү аны менен аңчылыкка чогуу чыккан прокурорлордун баары тең тергөө жүрүп жаткан мезгилде камакка алынсын. Тергөө адилет жүргүзүлүп, чыныгы күнөөлүүлөр аныкталсын. Мындай талап менен маркумдун жакындары президент Сооронбай Жээнбековго кат жолдогондугун бүгүн, 17-декабрда, маалымат жыйында журналисттерге билдирди.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваМаркум прокурордун жакындары маалымат жыйында
Пресс-конференция подственников убитого прокурора Баткенской области Анарбая Мамажакыпова - Sputnik Кыргызстан
Маркум прокурордун жакындары маалымат жыйында

Маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов жүргүзүлүп жаткан тергөө ишине канааттанбай жаткандыктарын төмөнкүчө айтты.

"Чыныгы күнөөлүүлөр жазалансын. Уулум каза болоордон мурда эмгек өргүүсүнө чыгып, улуу баласын үйлөнттү. Бирок эмгек өргүүсү аяктаарына бир жума калганда мөөнөтүнөн мурда 12-ноябрь күнү жумушка чыкса, 17-ноябрь күнү каргашалуу окуя болду. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы күрөшүү саясатын жүргүзөм деген уулум анын курмандыгы болду. Анткени каза болоордон мурда "коррупцияга каршы күрөшүүнү өз мекемемден баштайм" деп айтканы бар экен. Ошондон улам кесиптештери эле жумушуна жаңы эле чыккан уулумду уюштуруу жолу менен өлтүрүп коюштубу деген шегибиз бар", — деди Кубатидин Мамажакыпов.

Алар ошондой эле мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, ага УКМК, Башкы прокуратура, ИИМден тергөөчүлөр тартылып, шек жараткан айрым жагдайлар тыкыр иликтөөгө алынышын талап кылышты.

Баткенде киши колдуу болгон прокурордун денеси 80 пайызга күйгөн. Чоо-жайы - Sputnik Кыргызстан
Баткенде киши колдуу болгон прокурордун денеси 80 пайызга күйгөн. Чоо-жайы
"Мындай өтүнүч менен 2 миң адам кол коюп, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кат жолдодук. Себеби инибиздин сөөгү табылганда анын 80 пайызы күйүп калгандыгын Баткен облустук милициянын жетекчисинин орун басары Арстан Усанов маалымат жыйында расмий билдирди. Андан сырткары, шектүү аны кокусунан атып алгандыгын, тамекинин чогуна маркумдун денеси күйүп кеткендигин айтып чыкты. Бул маалыматка кантип ишенсе болот? Тамекинин чогуна кантип адамдын 80 пайызы күйүп кетсин? Бул өтө шек жаратуучу жагдай. Учурда камакка алынган шектүү М.К. (Мелис Калыков — ред.) аттуу жаран эгерде чындап бул ишти жасаса, ал жалгыз кылбайт болчу. Мындай кылмыш бир адамдын колунан келбейт. Шектүү М.К. 60 килограмм салмактагы орто бойлуу арык киши экен. Ал эми биздин инибиздин бою 180 сантиметр, салмагы 90 килограмм. Ушундай чоң кишиге шектүүнүн алы кантип жетти деп ишенбей турабыз", — деди маркумдун тууганы Абдылда Темирбердиев.

Ал эми маркумдун жакын тууганы Рахман Алмаматовдун айтымында, окуя болгон күнү мергенчиликке чыккан прокурорлордун аялдары маркумдун жаңы үйлөнгөн уулунун келинчегин көргөнү келишкен. Бирок бир аз убакыт өтпөй эле шектүү бир телефон чалуу болгондон кийин аялдардын баары бышкан тамакка да карабай, себебин айтпай, эмнегедир шашылып чыгып кетишкен.

"Ушундай жагдайдан улам, демек, инибизди түн киргенде эмес, күндүз эле өлтүрүшүп анан аялдарына "ал үйдөн тез чыккыла" деп кабар берген деп шектенип жатабыз. Себеби келинди көрүү үчүн келген аялдар эч бир себебин айтпай эле шашылыш түрдө үйдөн чыгып кетишкен. Бир экөөсү да эмес, баары бир мезгилде кетип калышкан. Бул да өтө күмөн туудурат", — деди Алмаматов.

Ал ошондой эле маркумдун сөөгүн түз эле Чоң-Алайга алып жөнөгөндүктөн аялы Айнура Мамажакыпова да жолго чыкканын айтты. Аны коштоп орун басары Арстан Байбосуновдун аялы да чогуу келе жатып, бир телефон чалуудан соң түн ортосунда эч бир себебин айтпастан талаада өзү жалгыз унаадан түшүп калган.

Убийство экс-депутата РФ Дениса Вороненкова в Киеве - Sputnik Кыргызстан
Киши колдуу болгон депутат, ок жеген прокурор. Жыл ичиндеги чуулуу өлүмдөр
"Эгерде прокурорлордун маркумдун өлүмүнө тиешеси жок болсо, анда эмнеге аялдарын анчалык коруп, чочулап, унаадан түшүрүп, тамак жедирбей шаштырышат. Демек, ушундай жагдайлардан улам биз мекемелер аралык тергөө тобу түзүлүп, айрым бизди шектендирген жагдайларды кайрадан тыкыр карап чыгышын талап кылабыз", — деди жакыны Сайдулла Пазылов.

Маркумдун жакындары, прокурорлордун мергенчиликке чыгууну уюштуруусунун өзү мыйзам бузуу деген пикирде экендигин кошумчалашты.

© Фото / сайт Генпрокуратуры КРПрокурор Анарбай Мамажакыпов
Прокурор Баткенской области Анарбай Мамажакыпов - Sputnik Кыргызстан
Прокурор Анарбай Мамажакыпов

Эске сала кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Баткен облусундагы Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Анын денесинен зомбулуктун белгилери байкалган. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисин кармаган. Каргашалуу окуяга чейин анын прокурор менен чогуу жүргөнүн көргөндөр болгон. Ошол эле күнү аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Ал эми Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө иштерин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев Баткен облусунун прокурорунун денеси эмнеден улам өрттөнгөнү боюнча расмий маалымат берген. Анда "Кокусунан мылтыгы атылып, ок прокурордун башына тийген. Калыков коркуп кетип тамеки чегет. Анын чогунан бушлаты күйгөндө аны чечип жерге таштаганда жалын Мамажакыповго жабышканын айтты", — деген Бейшекеев.

Сотрудник милиции города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Мамажакыповдун өлүмү. Чогуу жүргөн прокурорлор кылмыш маалында кайда болгон
Буга чейин өлтүрдү деп шектелип жаткан Мелис Калыковдун эжеси Дариха Калыкова окуя болгон күнү Мамажакыповдун жанында анын инисинен башка дагы беш прокурор жана бир ишкер болгонун белгилеп, алар күнөөнүн баарын инисине шылтап жатат деген пикирин айткан эле.

Бул боюнча Башкы прокуратуранын маалымат кызматы тергөө бүткөнгө чейин комментарий бербей турганын билдирди. Кызматтык иликтөөнүн натыйжасында облустук прокурордун эки орун басары, эки бөлүм башчысы жана Баткен районунун прокурору орун басары менен кошо иштен алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0