Эми УКМК үн катты. Зилалиевдин ячейкадагы акчалары тууралуу видеонун таржымалы

© REUTERS / Jose Luis Gonzalez / File PhotoКурс доллара США
Курс доллара США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКдан экс-вице-премьердин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүндүгүн айтышты.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. УКМК экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы ячейкасындагы акчалардын алынышы тартылган видео боюнча билдирүү таратты.

Аталган комитеттен мурунку аткаминердин банктагы ячейкасы ачылган видео банк тарабынан 2017-жылы тартылышы мүмкүндүгүн айтышты.

"Бул видео экс-вице-премьерге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө иш-чараларынын алкагында табылган. УКМК видеону декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш ишине тиркелгенин жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин маалымдайт ",— деп айтылган билдирүүдө.

УКМКдан видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин белгилей кетүү керек деп кошумчалашкан.

Эске салсак, УКМК 2018-жылдын 10-декабрында буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылды жана үй-жайы тинтилди деген малымат таратып, андан соң аны тастыктаган видео чыгарган.

Ага улай эле, тагыраагы, бир күндөн соң банктык ячейкалардан алынган акчаны аял кишилердин санап жаткан видеону тараткан

© Видео / пресс-служба ГКНБПочти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео
Почти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео - Sputnik Кыргызстан
Почти 900 тысяч долларов изъяли из банковской ячейки Зилалиева — видео

Анын эртеси, 12-декабрда, "Оптима банк" Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык эсебинен чыгарылган акча боюнча тараган видеого байланыштуу билдирүү жасап, видеону акчанын ээсине, тагыраагы, Зилалиевдин өзүнөн башка адамга бербегенин билдиришкен. Анда Интернетке тараган видео бир жыл мурда тартылгандыгы кабарланган.

Председатель ФУГИ Дуйшенбек Зилалиев - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Анын байлыкты мыйзамсыз топтогону айтылууда
Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев байлыгын мыйзамсыз топтогон деген кине менен кармалган. Иш аткаминердин киреше тууралуу декларациясын текшергенден кийин козголгон.

Эскерте кетсек, Зилалиев Биринчи май райондук соту тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу кесилген.

Зилалиев декларациясына эмне мал-мүлкүн жазганын буга чейин тизмектегенбиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0