Эки жылда мамлекеттик сатып алуулар боюнча 3 миңге жакын мыйзам бузулган

Жазылуу
Прокуратура органдары 2017 жана 2018-жылдын 10 айында жүргүзгөн текшерүүлөрүнүн жыйынтыгын айтты.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун төрагалыгы алдында өткөн координациялык кеңешмеде 2017-жылы жана 2018-жылдын 10 айында мамлекеттик сатып алуу жаатында 2930 мыйзам бузуу аныкталганы айтылды.

Генеральный прокурор КР Откурбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор: мамлекеттик сатып алууларда бюджеттик каражатка кол салынып жатат
Бүгүнкү кеңешмеде өлкөдөгү саламаттык сактоо тутумунун мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупцияга каршы күрөшүү маселелери каралды.

Негизинен мыйзам бузуулар билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуудан тарта саламаттык сактоо жаатына дары-дармек сатып алууга чейин катталган. Андан сырткары, кымбат баалуу жабдууларды сатып алууда, кызмат көрсөтүүдө да мамлекеттик кызмат адамдары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары алешемдикке барган.

Аткаруу бийлигинин борбордук органдарында иштеген 142 кызматкер, аймактык аткаруу бийлигинин 1203 өкүлү, өкмөттүн аймактагы өкүлчүлүктөрүнүн аппараттарында жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияда иштеген 62 киши, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарындагы 951 жана башка мамлекеттик органда иштеген 562 киши мыйзам бузууга жол берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0