Экс-транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов. Архивдик сүрөт

Коррупцияга каршы кызмат: Калилов үч ай мурунку эскертүүгө көңүл бурбай койгон

436
(жаңыланган 10:16 19.12.2018)
Аталган кызматтын жетекчисинин айтымында, Жамшитбек Калилов эскертүүгө көңүл бурбай, ага каршы чараларды көргөн эмес.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Мындан үч ай мурда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго ал жетектеген тармакта коррупциялык көрүнүштөр бар экендигин эскертип, маалымдаган. Бул туурасында аталган кызматтын жетекчиси Сагынбек Исмаилов тартип коргоо, фискалдык жана көзөмөл органдарынын жыйынында айтты.

Исмаиловдун айтымында, Калилов эскертүүгө көңүл бурбай жана каршы чараларды көргөн эмес.

"Эгерде министр алдын алган чараларды көрүп, көзөмөлгө алса, факты кайталанбайт эле. Буга министрдин бир орун басары эле жооп бербеши керек. Мындай фактылар ар бир ведомстводо кездешет, себеби ар бири жок дегенде бир жеринен "тиштеп" калууга аракет кылат", — деди ал.

Эске салсак, УКМК тараткан маалымат боюнча транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинчерээк колуна тиймек.

Ал эми бул чырлуу окуядан кийин транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов өзү да отставкага кеткен

Жусубалиев узундугу 69,7 чакырым жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендердик комиссиянын төрагасы болгон. Натыйжада үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында 40 миллион 751 миң доллар сунуштаган италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы тендерден утуп чыгып, келишим түзүлгөн.

Салына турган жол Нарын облусунун Жумгал району аркылуу өтө турган Түндүк — Түштүк альтернативдүү трассасынын бир бөлүгү. Башкууганды (мурдагы Дыйкан) айылынан башталып, аягы Ак-Учук (мурунку Эпкин) айылынан бүтөт.

436
Белгилер:
пара алуу, коррупция, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы кызматы, Азимкан Жусубалиев, Сагынбек Исмаилов, Жамшитбек Калилов
Тема:
Азимкан Жусубалиевдин кармалышы (23)
Тема боюнча
Жээнбеков министр Калиловду кызматынан бошотту
Бүт дүйнөгө уят болдук! Президенттин министр Калиловду зекиген видеосу
Пара чыры. Транспорт министри Калилов кызматтан кетүү боюнча арызын берди
Тез жардам кызматы. Архив

ТИМ: Петербургда 5-кабаттан кулаган кыргызстандык кыздын абалы оор

37
(жаңыланган 13:12 14.05.2021)
Кырсыктаган кызды оор абалда Санкт-Петербургдагы клиниканын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Санкт-Петербургда бешинчи кабаттан капыстан кулап кетип ооруканада жаткан кыргызстандык 11 жаштагы кыздын абалы оор, жакында операция жасалат. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Ар кыл жеринен жаракат алган кызды дароо Санкт-Петербургдагы Раухфус атындагы балдардын шаардык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө оор абалда жеткиришкен. Жакында анын жабыркаган органдарына операция жасоо пландалууда, мунун натыйжасына жасалма дем алдыруучу аппараттан ажыратылып, өз алдынча дем ала баштайт", — деп айтылган маалыматта.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербургдагы канцеляриясынын көзөмөлүндө экендигин билдиришкен.

37
Белгилер:
кыз, операция, Санкт-Петербург
Тема боюнча
Милиция кичинекей баланын 3-кабаттан кулаган окуясы боюнча иш козгоду
Нарын облусу. Архив

Нарындын айылдарында жана Кытай менен чектешкен аймакта жер титиреди

29
(жаңыланган 10:56 14.05.2021)
Алдын ала берилген маалыматтарда жердин термелешинен айылдарда жабыркагандар жана кыйроолор катталген эмес.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кечээ, 13-майда, Кыргызстан менен Кытай чектешкен жерде күчү очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталып, Нарын облусунун бир нече айылында сезилди. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жер титирөө саат 14:37де Нарын облусунун Ат-Башы районунда 4 балл, Торугарт айылында 3 баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын ала маалыматтарга таянып, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдирди.

29
Белгилер:
жер титирөө, Нарын облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титирөө болобу? Адистин жообу
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

0
(жаңыланган 14:11 14.05.2021)
Прозаик, драматург, киносценарист Токтобек Үсөнов кыргыз киносунун пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турганын белгиледи.

Кыргызстанда топ жарган сценаристтер дээрлик жокко эсе. Анткени бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Мындай пикирин Токтобек Үсөнов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Үсөнов: өлкөдө сценаристтерди окутуу колго алынган эмес

Анын айтымында, аталган тармакта окууга умтулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо дагы болбойт.

"Стивен Спилберг "кинодогу эң маанилүү нерсе — сценарий" деген. Ошондуктан кино тартууда сценарийге өзгөчө маани берүү зарыл. Маселен, кыргыз киносунун өнүгүү тарыхын алып карасак, анын пайдубалы катары Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары турат. Ал эми соңку учурда өлкөдө топ жарган ийигиликтүү сценаристтер жокко эсе. Себеби бул багытта окутуу, үйрөтүү колго алынган эмес. Аталган тармакта окууга умутулуп, аны өнүктүрүүнү каалаган жаштарга тийиштүү колдоо көрсөтүлбөйт. Мындан сырткары, өлкөдө киноиндустрия рыногу абдан чакан болуп, сценаристтерге тажрыйба топтоосуна мүмкүнчүлүк жок. Башкача айтканда, сценаристтикти толук кандуу кесип катары алып кетүү абдан татаал. Жөнөкөй аңгеме жазуу жеңилирээк. Анда жүрөктөн чыккан окуяны эмоция менен сүрөттөп берсе болот. Ал эми сценарий үчүн ошол окуянын үстүнөн абдан тыкыр иш алып баруу талап кылынат. Кыймыл-аракетти, эмоцияны атайын ыкмалар менен кооздоо зарыл", — деди Үсөнов.

Ошондой эле ал соңку учурларда өлкөдө тартылып жаткан кассалык кинолордун сценарийи атайын голивуддук стандартка ылайыкталып жазылып, бирок алардын оригиналдуулугу маселе жарата турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
Токтобек Үсөнов, маданият, кино, сценарий
Тема боюнча
Учуп жүргөн кыргызга таң калып... "Ак илбирстин тукумунан" таберик сүрөт