Кызыл-Кыяда ур-токмокко алынган 15 жаштагы окуучу каза тапты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүү катары үч окуучу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Кызыл-Кыя районундагы Ак-Булак мектебинин 9-10-класстагы окуучулардын ортосунда чыккан чыр-чатактын кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Каргашалуу окуя кечээ, 19-декабрда, саат 14.00дөр чамасында болгон. Окуучулар сүйлөшүү үчүн сабактан кийин мектептен алыс эмес жердеги талаага барышкан.

"Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан телефон чалышып, окуучунун сөөгү алып келингенин кабарлашкан. Укук коргоочулар 9-10-класстагы окуучулар арасында чыр чыгып, алар маселени чечүү үчүн сабактан кийин талаага барышканын аныктады", — деп айтылат маалыматта.

Случаи кражи мобильных телефонов - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура: маркумдун телефонун алып алган тергөөчүгө иш козголду
Окуучулар талаага келгенде 10-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун төшкө урган, ага кошулуп дагы бири сокку узатканда эс-учун жоготуп кулап калган. Ооруканадан 15 жаштагы бала каза болуп калганы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, баланын өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда укук коргоочулар шектүү катары үч өспүрүмдү кармап убактылуу кармоочу жайга киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0