Ошто мамлекеттен ссуда алган кишинин малын көчкү басып калды

© Sputnik / Владимир Иванов / Медиабанкка өтүүКар көчкү. Архив
Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул эле аймактагы Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында көчкү түшүп, жол кыймылын бууп койгон.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кара-Кулжа районунун Кара-Таш айылында сарайга кар көчкү түшүп, андагы 5 уй, 2 торпок, 2 жылкы жана 14 кой-эчкини басып калды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Көлөмү 700 метр кубга жеткен көчкү түшкөн сарайдын ээси 2007-жылы мамлекет тарабынан ссуда алганы айтылды.

"Куткаруучулар жерине жеткенге чейин жергиликтүү тургундар сарайдан бир жылкыны тирүү чыгарып алууга жетишкен. Калган малдын тарпы кийин чыгарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, ушул эле аймактагы Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында көчкү түшүп, жол кыймылын бууп койгон. Маалыматка караганда, ушул тапта жол бир тараптуу ачылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0