Милиция табып Зайналиевди эмнеге кармаганын айтты

© AFP / Marvin RECINOSСуд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки
Суд над бывшим президентом Сальвадора Элиаса Антонио Саки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табып ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Табып Хашим Зайналиев алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкек шаардык милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 20-декабрында эркек киши милицияга кайрылып, 2016-жылдын апрелинде кайненесин Зайналиевдин клиникасына жаткырганын айткан. Анда табып аялды лицензияланбаган каражаттар менен дарылап ал жакшы болуп кетерин убадалаган.

"Зайналиев бейтаптын жакындарынын ишеничине кирип 100 миң сомдой акчасын алган. Милицияга кайрылган жарандын кайненесин 2016-жылдын июнь айына чейин дарылап, чыгаргандан кийин саламаттыгы кайра начарлап кеткен. Кийинчерээк ал аял каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Октябрь РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголду. Зайналиев кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги эмчи-домчу Хашым Зайналиевге чара көрүүнү суранып күч органдарына кайрыларын билдиришкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0