Жалал-Абаддын оозундагы арканы сүзүп тамтыгы чыккан унаа. Видео

Жазылуу
Чогулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына кире бериштеги аркага Chevrolet Aveo үлгүсүндөгү унаа барып урунганын облустук милиция билдирди.

Кырсык 23-декабрь күнү болжол менен саат 16.30дарда болгон. Ошол маалда аркадан алыс эмес жерде үлпөт тойдун фотосессиясы өтүп жатканы айтылды, операторлор кагышууну тартып калышкан. 

Окуянын кесепетинен 23 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жана анын 24 жаштагы А. уулу М. атуу жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилиген. Милициянын маалыматы боюнча кырсык машинанын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам келип чыккан.

Чогулган материалдар тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0