Жалал-Абадда аркага урунган унаа. Жаракат алгандардын абалы айтылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы айдоочу менен 24 жаштагы жүргүнчүсү жабыркап, Сузак райондук ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарына кире бериштеги аркага урунган машинадан жаракат алган айдоочу менен жүргүнчүнүн абалы туруктуу. Бул туурасында Сузак райондук ооруканасынын директорунун орун басары Каарманбек Байдавлетов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 23-декабрда, баш кошуп жаткан түгөйлөрдүн фотосессиясы болуп жаткан учурда катуу ылдамдык менен келген Chevrolet Aveo унаасы шаардагы аркага барып урунган. Кырсыктын кесепетинен 23 жаштагы Х.А. аттуу айдоочу жана анын 24 жаштагы А. уулу М. аттуу жүргүнчүсү жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Байдавлетов жол кырсыгынан жабыркагандар саат 17.20лар чамасында ооруканага түшкөнүн айтты.

"Айдоочунун мээси чайкалып, бети сыйрылган. Абалы жакшы, өзү баса алат. Ал эми жүргүнчү орточо оор абалда, өз алдынча баса албайт. Мээси чайкалган жана денеси сыйрылган. Омурткасы жабыркаптыр, сынык алышы мүмкүн деген шек менен учурда томографияга тартып жатабыз. Өз алдынча баса албайт", — деди дарыгер.

Милициянын маалыматы боюнча кырсык машинанын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам келип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0