Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган

Жазылуу
Кызматкерлер диплом даярдоону шылтоолоп, бүтүрүүчүлөрдөн акча чогулткан.

БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнүн жетекчиси менен башка кызматтагы адамдарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Текшерүү учурунда кызматкерлер студенттердин жогорку жана орто билим алгандыгын тастыктаган дипломдорду даярдоо үчүн студенттерден чогулган каражатты өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.

"Бүтүрүүчүлөрдөн каражатты факультетке жоопкер адам ректордун буйругунун негизинде чогултат. Бүтүрүүчүлөр акчаны документтерди даярдоо жана чыгаруу бөлүмүнүн жетекчиси Н.Е. аттуу адамга топтоп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Прокуратура манданттан баш тарткан Музаффар Исаковду 12 жылга кесүүнү сурады
016-жылдан 2018-жылга чейин 22 факультеттен 5785 бүтүрүүчү жалпы жонунан 2 миллион 300 миң сом чогултуп берген. Бирок бөлүм башчы Н.Е. типография кызматы үчүн 875 миң сом гана төлөгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, калган 1 миллион 424 миң сомду Н.Е. менен дагы башка кызматтагы адамдар өздөрүнө ыйгарып алган. Буга Эсеп палатасы менен университеттин комиссиясы берген акт далил экени айтылат.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 171-беренеси ("Ишенип берилген каражатты өзүнө ыйгарып алуу же коротуу") боюнча иш козголуп, материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0