Сания Шакирова. Архивдик сүрөт

Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү делген киши сот өкүмүнө нааразы. Сот иши уланат

177
(жаңыланган 18:06 28.12.2018)
Соттолуучунун доо арызы 19-январда каралат.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Miss Universe Beauty-2018 эл аралык конкурсунда Missis World номинациясын жеңип алган Сания Шакированын өлүмүнө күнөөлүү делген киши кассациялык арыз бергенин анын жактоочусу Рустам Абдурауфов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ал быйыл сентябрда 10 жылга эркинен ажыратылган. Сот ошондой эле аны Шакированын апасына 2 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген.

"Айыпкер моралдык чыгым үчүн чегерилген каражат менен макул эмес. Сот иши 19-январда болот", — деди адвокат. 

Буга чейин маркум Сания Шакированын апасы Насипа Мамбеталиева Ысык-Көл райондук сотунун өкүмү менен макул экенин айтып,  даттанбай турганын билдирген.

Эске салсак, 3-июндун түнүндө Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында айдоочу рулду башкара албай калып автоунаа мүрзөнү барып сүзгөн. Натыйжада жүргүнчүсү Сания Шакирова каза болгон.  

Айдоочунун кырсык болгон учурда мас экени аныкталган.

Ал эми Ички иштер министрлиги унаанын айдоочусу ИИМдин Атайылаштырылган коргоо кызматынын башкы башкармалыгынын Октябрь району боюнча мурдагы жетекчиси Азрет Кондубаевдин уулу экенин да тастыктаган

177
Белгилер:
доо арыз, сот, Сания Шакирова
Тема:
"Дүйнө сулуусу" Сания Шакирова каза болду (18)
Тема боюнча
Сания Шакированын өмүрүнө забын болгон айдоочу 10 жылга жатак абагына кесилди
Сания Шакированын иши: соттолуучу 4 млн. сом төлөөдөн баш тартууда
Сания Шакированын өлүмү боюнча экинчи соттун чечими чыкты