Финпол Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Сүрөт

© Фото / официальный сайт ЕЭКМинистр ЕЭК по энергетике и инфраструктуре Адамкул Жунусов
Министр ЕЭК по энергетике и инфраструктуре Адамкул Жунусов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы буга чейин Азербайжанда кармалган Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга алып келди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Аны бүгүн, 28-декабрь күнү, Финансы полициясынын кызматкерлери Баку шаарынан Бишкекке жеткиришти. 

© Фото / Пресс-служба ГСБЭПЭкстрадиция беглого экс-председатель ГТС Адамкула Жунусова в Кыргызстан
Экстрадиция беглого экс-председатель ГТС Адамкула Жунусова в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Экстрадиция беглого экс-председатель ГТС Адамкула Жунусова в Кыргызстан

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 28-августунда Жунусов эл аралык издөөгө алынган. Ал эми 4-декабрда колго түшүрүлгөнү айтылып, экстрадициялоо маселеси карала баштаган.

Бажы кызматынын мурунку жетекчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда.

Финполдун маалыматында Адамкул Жунусов 2013-2016-жылдар аралыгында "А" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен туруктуу коррупциялык схема түзүп, мамлекетке 167 миллион сомдон ашуун зыян келтирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0