Ош шаарында сойкукана өрттөнүп, эки кыз көз жумду

© Sputnik / Зульфия Тургунова12-этажный дом в Оше
12-этажный дом в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздардын бири 20, экинчиси 27 жашта болуп чыкты. Алардын Ноокат жана Алай районунун тургундары экендиги аныкталды.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Оштогу 12 кабат үйдүн жер тѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болду. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти. 

2019-жылдын 1-январь күнү саат 07.50 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар келип, анда Ош шаарынын Жим кѳчѳсүндөгү №1 үйдүн жер тѳлѳсүндѳ жайгашкан мейманкананын бѳлмѳлѳрүнүн биринен ѳрт чыккандыгы кабарланган. Окуя болгон жерден болжол менен жашы 20-25 жаштардагы эки аялдын денеси табылган.

Локализован пожар в московском НИИ - Sputnik Кыргызстан
Түндө Бишкектин чок ортосунда батир күйүп кетти. Сүрөт
Ош шаардык милициясынын оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ким экендиги аныкталган. Маалыматка караганда, алар Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Ош ШИИБдин алгачкы божомолу — коопсуздук чараларын сактабагандыктан ѳрт чыгып, натыйжада түтүнгѳ ууланып каза болушкан. Ѳрттүн себептерин жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Окуя Ош ШИИБдин кылмыштардын жана окуялардын бирдиктүү каттоосуна "Ѳрт коопсуздугун сактоонун талаптарын аткарбоо" катары катталып, терең жана ар тараптуу иликтѳѳ иштери башталды.

Аталган Жим кѳчѳсүндѳгү №1 үйдүн жер тѳлѳсүндѳгү бул мейманкананын администраторлоруна карата ѳткѳн 2018-жылдын аралыгында эле "Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу" беренеси менен алты ирет кылмыш иши козголуп, жаптырылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.

Милициядагы маалымат булактары бул жай азыркыга чейин сойкуна катары жашыруун иштеп жатканын айтты.

Эске салсак, 24-апрелге караган түнү саат 01.00дөр чамасында калаанын Жим көчөсүндөгү  ушул эле 12 кабат үйдө өрт чыгып, алгач 5-кабаттагы №22 жана №23 батирлерде башталганы айтылган. Анын кесепетинен алты киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Өрттөн качкандардын экөө терезеден кулап кеткен. Алардын бири эркек киши, экинчиси 25-30 жаштагы аял экени белгилүү болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0