Куткаруучу көтөрүп алып Тез жардамга чуркады. 11 айлык наристени сактап калган видео

© Фото / МЧС РФ / Медиабанкка өтүүВзрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске
Взрыв бытового газа в жилом доме в Магнитогорске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар Магнитогорскидеги кырсыктаган үйдүн урандыларынын алдынан 11 айлык наристени алып чыгып, андан соң Тез жардамга алып чуркаган видео тарады.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Видео РЕН ТВ каналына таандык.

Кичинекей бала бетондордун алдында бир жарым сутка жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, бөбөктүн үй-бүлө мүчөлөрү да ошол жерде болушу мүмкүн. Ымыркайдын тирүү калышына керебети менен жылуу төшөгү жардамчы болгону айтылууда

Наристени шашылыш түрдө Тез жардам ооруканага алып кетти.

Дарыгерлер ал үчүн реанимация даярдалып жатканын айтышкан. Учурда медиктер наристенин абалы оор, бирок үмүт бар экенин кошумчалашты.

Учурда Магнитогорск шаарында сууктун күчү —19 градус болуп турган чагы.

Жаңылыктар түрмөгү
0