Жаңы жылды майрамдоо түнүндө "Ала-Тоодон" 19 бала жоголуп табылган

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка главной новогодней елки в Бишкеке
Установка главной новогодней елки в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тартип коргоо органдарынын маалыматына караганда, 11 бала аянтка өз алдынча келген.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Жаңы жылга караган түнү борбордук "Ала-Тоо" аянтында 19 бала жоголуп кетип, кайра табылган. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Уборка площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Азайыптыр! Жаңы жылдын түнүндө "Ала-Тоодон" 4 тонна таштанды чыкты
Борбордук аянттан табылган балдар флагштоктун жанындагы милициянын пунктуна жеткирилген. Тартип коргоо органдарынын айткандарына караганда, 11 бала аянтка чоңдордун коштоосунда эмес, өз алдынча келип алышкан. Ал эми калган сегиз бөбөк ата-энесинен адашып кеткен. Алардын 7 жаштан 12 жашка чейинки куракта болгону айтылды.

Табылган он тогуз баланын баары түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин ата-энесине кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0