Магнитогорскидеги каргаша

Магнитогорскидеги каргаша: уранды алдында эч ким калган жок

(жаңыланган 11:34 09.01.2019)
39 кишинин алтоо — балдар.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Газ жарылып ураган көп кабаттуу үйдүн алдында эч ким калган жок. Бул тууралуу Россиянын өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Алексей Чуприян билдирди.

“Биз бүгүн уранды алдынан акыркы 39унчу сөөктү алып чыктык. Башка киши калбаганына кепилбиз. ӨКМ куткаруу операциясын токтотту”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 31-декабрда Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 4:00дө газ жарылган. Имараттын кире беришинин бири урап түшүп, 26 батир талкаланган. Ал жакта 120 адам жашап келгени маалым. Куткаруучулар 39 кишинин сөөгүн алып чыкты, анын алтоо балдар экени айтылды.

Тема:
Магнитогорскидеги трагедия (9)
Тема боюнча
Магнитогорскиде таанылган 22 сөөктүн үчөө балдардыкы болуп чыкты
Куткаруучу көтөрүп алып Тез жардамга чуркады. 11 айлык наристени сактап калган видео
Шаркыратма. Архив

Казакстанда атасы кызы менен шаркыратмага түшүп кеткен. Жүрөк үшүн алган видео

(жаңыланган 13:01 18.04.2021)
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.

Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.

Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.

Белгилер:
видео, суу, кыз, ата, окуя, Казакстан
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
Беларустун ички иштер министрлигинин кызматкерлери.Архивдик сүрөт

ФСБ: Лукашенкону өлтүрүүгө камданып, Беларуста төңкөрүш даярдагандар кармалды

(жаңыланган 03:18 18.04.2021)
Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Москвадан 9-май күнү Беларусь президенти Александр Лукашенкону жок кылып, өлкөдө аскердик төңкөрүш жасоого камданып жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ФСБнын коомдук байланыш борборуна таянуу менен РИА Новости жазды.

Маалыматта колго түшүрүлгөндөр Беларусь менен Россиянын жарандыгын алган Юрий Зенкович менен беларусиялык Флександр Федута аттуу адамдар экени айтылат.

Россиянын атайын кызматы коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук комитети менен биргеликте иш алып барган.

"Беларустук кесиптештердин берген маалыматы боюнча, Зенкович менен Федута мессенжерлердин биринде аскердик төңкөрүштүн планын талкуулап, Москвада оппозициялык маанайдагы генералдар менен жолугууну көздөгөн", — деп айтылат кабарда.

Зенкович АКШ менен Польшада жүрүп келгенден кийин Москвадагы ресторандардын биринде беларустук генералдар менен жолугуп, пландалган аракеттердин ишке ашышы үчүн өлкө башында тургандардын көзүн тазалоо керектигин айткан. Түзүлгөн план боюнча радио жана теле борборлорду басып алып, ички аскер бөлүктөрүнүн жолун тосуу каралган. Күч структураларынын ишин токтотуу үчүн электр энергияны өчүрүү даярдалганы маалым болду.

Натыйжада конституциялык түзүлүш өзгөрүп, бийлик "Улуттук элдешүү комитетине" өтмөк.

Зенкович менен Федутага карата Беларустун тергөө органдары 357-беренесинин ("Мамлекеттик бийликти басып алууга аракет кылуу") негизинде иш алып барууда.

Белгилер:
бийлик, мамлекеттик төңкөрүш, Өлтүрүү, ФСБ, Александр Лукашенко, Россия, Беларусь
Тема боюнча
Лукашенконун уулуна генерал наамы берилди
Лукашенко Беларустагы митингдердин көпкө созулушуна пандемияны айыптады
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта