Таластагы тойдо автомат көтөргөндөр боюнча милиция үн катты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАвтомат. Архив
Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүүлөр кармалып, ички иштер бөлүмүнө алынып келген.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 6-январда Facebook социалдык тармагына машинанын терезесинен белине чейин чыгып алып, колуна автомат өңдөнгөн нерсени көтөрүп, асманга аткылап жаткан балдардын видеосу тарады.

 

 

Анын алдына "Таласта Калашников автоматтары менен аткылаштыбы?" деп жазылган.

Талас облустук милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

"Видеодогу автоматтар оюнчук экени белгилүү болду. Видео үйлөнүү тойго келгендер тарабынан жасалган. Бир нече киши ички иштер бөлүмүнө алынып келип, профилактикалык иштер жүргүзүлдү", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Учурда милиция териштирүү иштерин улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0