Күбө: Бишкекте төрт автоунаа кагышты, жабыркагандар бар

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуДТП в центре Бишкека
ДТП в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуянын күбөсүнүн айтымында, кырсык болгон жерден бир кишини Тез жардам автоунаасы алып кеткен.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышканын күбө жеринен билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты
Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты
© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуЖол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.
Жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.
1/2
Бишкектеги Токтогул менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде төрт автоунаа кагышты
2/2
Жол кырсыгы түнкү саат 11:00дөр чамасында болгон.

Ага ылайык, Nissan Pathfinder, Honda Fit, Toyota Ist жана Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа кагышкан.

"Кырсык болгон жерде милиция менен Тез жардам кызматынын автоунаасы жүргөн. Жабыркаган бир кишини Тез жардам кызматы алып кетти", — деди күбө.

Шаардык милициянын нөөмөт кызматы жол кырсыгы болгонун ырастап, окуя болгон жерге инспекторлор чыгып кеткенин айтты.

"Инспекторлор чыгып кетишти. Алар жол кырсыгы кандай болгонун, кайсы үлгүдөгү автоунаалар кагышканын жана жабыркагандардын бар-жогу тууралуу протокол түзүшөт. Толук маалымат кийинчерээк берилет", — деп нөөмөт бөлүмүнөн кабарлашты.

Күбөнүн билдиришинче, Honda Fit менен Lexus үлгүсүндөгү жеңил автоунаа катуу жабыркаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0