Лебединовкада милиционер аялды зордуктоо аракети болду. Чоо-жайы

Жазылуу
Укук коргоочулар 35 жана 40 жаштагы шектүү кишилерди кармады.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Лебединовка айылында  белгисиз эки адам тарабынан Токмоктон Бишкекти көздөй жол улаш унаа менен келе жаткан 26 жаштагы аялды зордуктоо аракети болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 1-январь күнү саат 23.00дөр чамасында болгон. Жабырлануучу борбор калаадагы ички иштер башкармалыктарынын биринде эмгектенет.

"Бишкекти көздөй багыт алган аял Токмок шаарынан Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жол улаш унаага отурган. Салондо эки жүргүнчү эркек болгон. Жолдон кыз менен эркектердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, Лебединовкага жеткенде зордуктоого аракет жасашкан", — деп айтылат маалыматта.

Кыз 102 кызматына чалып кылмыш тууралуу кабарлаган. Аталган факты каттоого алынып, Аламүдүн райондук ИИБи 35 жана 40 жаштагы шектүүлөрдү колго түшүргөн. Экөө тең тергөө абагына киргизилди. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 39-161-беренелери ("Зордуктоого аракет жасоо") боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0