Жолдогу автоунаа. Архивдик сүрөт

Чычкан ашуусунда эки унаа кагышып, төрт киши жабыркады

224
(жаңыланган 14:57 12.01.2019)
Кырсык Бишкек — Ош жолунун 248-чакырымында 8-январь күнү болжол менен саат 20.30дарда болгон.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Токтогул районундагы Чычкан ашуусунда Nissan X-TRAIL жана Audi A6 автолору кагышып, кесепетинен төрт киши жабыркаганын Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Кырсык Бишкек — Ош жолунун 248-чакырымында 8-январь күнү болжол менен саат 20.30дарда болгон.

"Nissan X-TRAIL унаасы тайгаланып, бир нече ирет айланып, каршы тилкеде келе жаткан машинаны сүзгөн. Төрт кишинин мээси чайкалган", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркагандардын баары райондук ооруканага жеткирилген, бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Эки авто тең атайын короого токтотулуп, бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

224
Белгилер:
жол кырсыгы, Чычкан суусу, Токтогул району
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (134)
Тема боюнча
Бүгүн түнү Чүй дарыясынан эркек кишинин сөөгү табылды