Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директору Анарбек Бекмуратов

Агенттиктен 2 млн. сом уурдаткан аткаминер кайра директор болду. Видео

1901
(жаңыланган 14:49 12.01.2019)
Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинен (Автотранспорт агенттиги) 2015-жылы 1 миллион 856 миң сом уурдалып, кылмыш иши козголгон. Буга жол берди делген директор Анарбек Бекмуратов менен бухгалтериянын кызматкерлери жумуштан бошотулган.

Андан соң Автотранспорт агенттигин Деңиз Сулайманов 2016-жылдын аягына чейин жетектесе, ал кеткенден кийин Эмил Таштаналиев 9 ай директор болгон. 2017-жылдын сентябрь айында Анарбек Бекмуратов бул кызматка кайрадан дайындалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жоголгон эки миллион сомдой акчанын дайынын жана айып тагылган жетекчилер кызматына кантип кайтып жатканын билүүгө аракет кылды.

Агенттиктин директору Бекмуратов мынча акчанын жоголушуна бир гана материалдык бухгалтер күнөөлүү экенин айтууда.

"Материалдык бухгалтер Асел Канжебаева жеке өзү кызматкерлердин айлыгынан кымырып алган. Муну эч ким байкаган эмес. Кээде менин кол тамгамды жасалмалап, кээде үстүнө башка документти көрсөтүп, астына өзүнүн кагазын коюп кол койдуруп жүрүптүр. Иш сотко өтүп, Канжебаева алты жылга шарттуу эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып пул төлөдү. Өзүнө ыйгарып алган каражатты да мамлекетке кайтарды", — деди Бекмуратов.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Бекмуратовго карата козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кетти деген жүйө менен токтотулган экен.

Ал эми ошол кездеги транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев аны "Автовокзал начар иштейт" деген шылтоо менен эле кызматтан алып койгонун айтууда. Экинчи ирет бул кызматка дайындалганда анын талапкерлигин өкмөткө кийинки министр Жамшитбек Калилов сунуштаганын билдирди.

Эми Бекмуратов жоголгон акчанын айынан кызматтан кетирилген башкы бухгалтер Жумагүл Сайбекованы жумушка алып жатат. Ал мурда Жогорку сотко чейин даттанып кызматын кайтара алган эмес. Бирок "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү" мыйзамдын 44-беренесинин 5-бөлүгүнө таянып, агенттиктин жетектөөчү адис кызматы үчүн конкурска катышып утуп чыкты. Эми директор кол койсо эле ишке киришет.

Бекмуратов Сайбекова дагы жалган жалаа менен кызматтан кеткен деп аны жактап, күнөөнүн баарын мурунку жетекчилерге оодарууда.

"Аргынбек Малабаев министр болгондо айланасына өзүнүн адамдарын чогулта баштады. Мени кетирип, өзүнүн жездеси Деңиз Сулаймановду койгон. Кандай жездеси экенин билбейм, бирок Малабаев менен анын аялы бир айылдан болот. Ал эми Сулайманов өзүнүн компаниясында иштеген бухгалтерди алып келүү үчүн Сайбекованы кызматтан алган", — деди Бекмуратов.

Ал эми экс-министр Малабаев жогоруда айтылган кептин баарын төгүнгө чыгарып, кассадагы каражаттын уурдалышына директордун да, башкы бухгалтердин да тиешеси болгонун айтты.

"Автовокзал, маршруткалар, дегеле Кыргызстан боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөө тармагы аябай түшүп кетти. Лицензиянын бүт бардыгы Бекмуратовдун колунда болчу. Муну жөнгө салууга убакыт берсем эптей албады. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жана Финполдон келип текшергене эки миллион сомдой акча жоголгону аныкталды. Башкы бухгалтер экөө жок адамдарга айлык төлөй беришкен. Экөөнү тең кызматтан кетирип, кылмыш ишин козготком. Акчаны кайтарып берди дегени менен уурдаганы факт болуп жатпайбы?! Бекмуратовду бул кызматка кайра жолотпош керек эле. Карышкырга кой кайтарткандай болуп жатабыз", — деди Малабаев.

Ошондой эле ал Деңиз Сулайманов менен тууганчылыгы жоктугун, болгону анын жубайы менен айылдаш экенин белгиледи.

Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги өлкө ичинде жүргүнчү ташыган каттамдарды жана эл аралык каттамга жүк ташыган унааларды жана салмак-тыш өлчөмдөрүн, башкача айтканда, таразаны көзөмөлдөйт.

1901
Белгилер:
уурдоо, директор, бухгалтер, кызмат, акча, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Аргынбек Малабаев, Бишкек
Тема боюнча
Коррупцияга каршы кызмат: Калилов үч ай мурунку эскертүүгө көңүл бурбай койгон
Кимиси калп айтууда? Министрликтеги 5,6 млн. сомдук унаалардын чуусу
Прокуратура: Улуттук университеттин кызматкерлери 1,5 млн. сомду кымырып алган
Морг. Архив

Баткен: эки айдан бери изделген аялдын сөөгү үйүнө жакын жерден табылды

489
(жаңыланган 17:53 24.01.2021)
Буга чейин маркум 2020-жылдын 19-ноябрында өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жибергендиги маалымдалган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Баткен шаарында 23-ноябрдан бери изделип жаткан Мактым Кожонованын сөөгү табылды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Маалыматка ылайык, аялдын сөөгүн өзү жашаган үйдөн 200 метрдей алыс жерде өскөн бүлдүркөндүн арасынан милиция кызматкерлери тапкан. Анын маасысын иттер бакка көтөрүп келип, ошол аркылуу издөө иштери жүргүзүлгөн.

Аялдын сөөгү өлүкканага өткөрүп берилип, экспертиза дайындалганы айтылды.

Баткен ОИИБи ага милиция кысым көрсөткөн деген маалыматтар чындыкка дал келбей тургандыгын билдирген.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 19-ноябрында Кожонова өзүнүн 17 жаштагы кызын жашы жете электигине карабастан турмушка узатып жиберген. Аталган факт Баткен ШИИБинде Жазык кодексинин 178-беренеси ("Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 20-ноябрь күнү Баткен ШИИБине Кожонова жолдошу Мамасадык Рахманов менен суракка чакыртылып, бир саатка жетпеген убакытта кайра кетишкен.

23-ноябрда ал үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келген эмес. Буга чейин ал аял Өзбекстан менен Тажикстандан да изделип жатканы айтылган.

Аялдын алты баласы болгон, эң кичүүсү алты жашта экени айтылды.

489
Белгилер:
милиция, аял, сөөк, издөө, Баткен
Тема боюнча
Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады
Караколдо телеканалда иштеген аял каза таап, сөөгү өз үйүнөн табылды
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүп жатат

АКШда COVID-19га каршы эмделген киши эки сааттан кийин көз жумду

132
Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. АКШда коронавируска каршы эмделген киши бир нече саат өткөндөн кийин көз жумганын РИА Новости жазды.

Калифорниядагы Плейзер округунун шерифинин кеңсеси өзүнүн Facebook баракчасына каза болгон адам өткөн айда COVID-19 илдети менен ооругандыгын билдирген. 

"Плейсер округунун Саламаттык сактоо кызматы жана шерифтин кеңсесинин коронавирус боюнча бөлүмү адам көз жумгандыгы жөнүндө маалымат алышты. Ал кишиге декабрь айынын аягында COVID илдети жуккандыгы аныкталган. 21-январда эмделип, бир канча саат өткөндөн кийин каза болгон", — деп айтылат билдүүдө.

Маркум округдун Саламаттык сактоо департаментинен башка жактан эмделгени айтылат. Буга карата жергиликтүү, штаттык жана федералдык деңгээлде иликтөө жүргүзүлүп жатат. Көз жумган киши Moderna же Pfizer вакцинасыбы, кайсынысы менен эмделгени азырынча белгисиз.

132
Белгилер:
эмдөө, вакцина, АКШ, өлүм, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч этап менен жүрөт
Коронавирустун жаңы түрүндө өлүм көп катталары айтылды. ДССУ эмне дейт
Тоолордогу аттар. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

0
25-январда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү, 25-январда, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл аймактарында -1...-6 градус, Таласта 0...-5 градус болмокчу.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын жылышы байкалып, термометр -1...+4 градусту көрсөтөт. Ал эми Нарын өрөөнүндө -5...-10 градус болот. 

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Синоптиктер борбор калаада -1...-3, түштүк борбордо  +1...+3 градус болорун айтышты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Күн жылый баштайт. Бир жумага карата аба ырайы