ИИМ топ баланын тепкисинде калган уландын видеосу тууралуу түшүндүрмө берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовТээп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт
Тээп жаткан адам. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо ур-токмоктон эс-учун жоготуп койгон баланы көрүүгө болот.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги топ балдардын тепкисинде калган баланын видеосу тууралуу түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, учурда WhatsApp мессенджеринде, социалдык тармактарда топ балдар жатаканада бир жигитти сабап жатканы боюнча видео тарап жатат. Анда ур-токмоктон эс-учун жоготуп койгон баланы көрүүгө болот.

"WhatsApp мессенджеринин активдүү колдонуучулары бул бейбаштык Кыргызстанда катталышы мүмкүн деп тарата баштады. Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги окуя Кыргызстанда болбогонун ырастайт", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ бул видео бир нече жылдардан бери тарап жатканын, 2016 жана 2017-жылдары Молдованын жана Украинанын ЖМКлары да жазып чыкканын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0