Соодагердин 120 миң долларын алып кеткен киши үч жылдан кийин кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 2015-жылы болгон. Шылуун ушу тапта экстрадицияланды.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Баткендеги Кадамжай районунун Халмион айылында жайгашкан "Баяман баатыр" базарында иштеген соодагердин ишенимине кирип, 120 миң долларын алдап алып кеткен киши Өзбекстандан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиЗадержанный по подозрению в мошенничестве в крупном размере
Задержанный по подозрению в мошенничестве в крупном размере - Sputnik Кыргызстан
Задержанный по подозрению в мошенничестве в крупном размере

Маалыматка ылайык, окуя 2015-жылы болгон. Ош шаарынын 43 жаштагы тургуну Исраил Ганиев Кадамжайдын А.К. аттуу 48 жаштагы тургунунан үч айда кайтарып берем деп аталган суммадагы каражатын алып кеткен. Кепилдик катары төрт контейнердеги товарын көрсөткөн. Бирок айтылган мөөнөттө акчаны кайтарып бербестен из суутуп кеткен.

"2017-жылы "Алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп, Баткен райондук соту Ганиевди камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, шылуун издөөгө алынган. Баткен ОИИБдин криминалдык милиция кызматкерлеринин башка мамлекеттеги кесиптештери менен биргеликте иштөөсүнүн натыйжасында Ганиевдин алгач Россияда экени аныкталган. Андан соң Казакстандан Өзбекстанга качып, Фергана облусунун Маргалаң шаарында жүргөн жеринен кармалып, 2018-жылдын 19-декабрында экстрадицияланды", — деп айтылат маалыматта.

Милиция кармалган адамдан башка дагы жабыркагандар болсо, 03622 50226 же 102 номерине кайрылууну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0