Күйөөсү аялын уруп, ортодо таяк жеген наристе көз жумду. Көлдөгү кайгылуу окуя

Жазылуу
Мас болгон эркек 26 жаштагы келинчеги менен уруша кетип, кертилген отунду ала коюп сабаган. Аялдын колундагы төрт айлык наристе тийген таяктан чарчап калды.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда аялы менен күйөөсү урушуп, анын кесепетинен төрт айлык кыз чарчап калды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Трагедия 28-декабрда таңкы саат 3.00дө Тоң районунун Туура-Суу айылындагы кыштоодо болгон.

Больница Марии Ланнелонге в Париже - Sputnik Кыргызстан
Атасынын жеңеси таяктап... Ошто эки жашар наристе чарчап калды
27 жаштагы эркек 26 жаштагы аялы менен уруша кетип, короодо жаткан отундун кертиндилерин ала коюп сабай баштаган. Таяк келиндин колундагы төрт айлык кыздын башына тийген. Жаалы кайнаган эне үйгө чуркап кирип, алып чыккан бычагы менен күйөөсүн моюнга жана колго сайган.

Андан соң Тез жардам чакырып, дарыгерлер үй-бүлө мүчөлөрүн ооруканага жаткырган. Бир суткадан кийин кичинекей кыз эсине келбеген бойдон чарчап калган.

Милициянын маалымат кызматынын айтымында, аял-күйөө Тоң районуна кыштоодо мал багып иштөө үчүн келишкен. Алардын дагы бир уулу туугандарынын колунда калган.

Үй-бүлө башчысын Каракол шаарындагы №23 убактылуу кармоо жайына киргизишип, Кылмыш кодексинин 104-беренесинин ("Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү") негизинде иш козголгон.

Райондук сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0