Жол кырсыгы. Архивдик сүрөт

Унаа кырсыгынан кийин эмне кылуу керек? Жол милициясынын кеңеши

399
(жаңыланган 09:22 15.01.2019)
Кырсыктан жабыркагандар болбосо, айдоочулар окуянын болжолдуу схемасын чийип, жакынкы постко же милицияга барып, кырсыкты каттатуусу керек.

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Жол кырсыгынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы өзүнүн сайты аркылуу айдоочуларга жол кырсыгына кабылганда эмне кылуу керектигин түшүндүрүп берди.

Жол кырсыгынан жабыркагандар болбосо, айдоочу (же айдоочулар) окуянын болжолдуу схемасын чийип, кол коюп, жакынкы постко же милицияга барып, кырсыкты каттатуусу керек.

Эгер жабыркагандар болсо, төмөндөгү кадамдар жасалышы зарыл:

— унааларды ордунан жылдырбай, авариялык жарыкты күйгүзүү. Ошондой эле кырсыкка байланышкан заттар кандай турса, ошондой абалда сактоо.

— жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумшап, Тез жардам кызматын чакыруу. Өзгөчө кырдаал болуп калса, мүмкүн болушунча өздүк автотранспорт менен жабыр тарткандарды жакын жердеги медициналык мекемелерге жеткирип, каттоого өзүнүн фамилиясын айтып, унаанын тийиштүү документтерин (айдоочулук күбөлүктү, транспортту каттоо күбөлүгүн) көрсөтүп, окуя болгон жерге кайра келүү.

— башка транспорттордун өтүүсүнө шарт түзүү. Мисалы, жарбыркагандарды өздүк транспорт же Тез жардам менен алып бартканда жолдун өтүүчү бөлүгүн бошотуу. Бирок ошол эле учурда күбөлөрдүн катышуусу менен транспорт каражатын, кырсыкка байланышкан заттардын изин сактоого бардык чараларды көрүү.

— болгон окуя тууралуу ички иштер органдарына билдирүү. Күбөлөрдүн фамилиясын, дарегин жазып алып, милицияны күтүү. Кырсык болгон жерден үн сигналын берүүгө уруксат берилет.

399
Белгилер:
сунуш, эреже, жол кырсыгы, ЖКККББ
Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (57)
Тема боюнча
Эми автоунааны катуу айдай берсе болобу? Жаңы мыйзамдын чоо-жайы
Оторов: кырсыктан алыс болуу үчүн жол эрежесин сакташ керек