Кытайдагы 6 баллдык жер титирөө Кыргызстанда да сезилди

© AFP / CHRISTIAN MIRANDAСейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмограф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Кытайда орун алган. Кыргызстандын ага жакын калк жашаган аймагы 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кытайда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, силкинүү Кыргызстандын калк жашаган аймактарында да сезилген. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.

Города мира. Шанхай - Sputnik Кыргызстан
Кытай: жердин силкинеринен кабар берчү система иштелип жатат
Жер силкинүү 12-январь күнү жергиликтүү убакыт боюнча 10.31де катталган.

Анын очогу Кытайдын аймагында Оштон түштүк-чыгышты карай 265 чакырым алыстыкта орун алган. Кыргызстандын ага жакын калк жашаган аймагы 150 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кытайдагы жер титирөө Ош облусунун Эркечтам, Нура айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Ак-Талаа айылдарында 2,5 балл, Ош шаарында 2 баллга чейин сезилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0