БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкекте мас болгон жаран милиция кызматкерине бычак сайды. Бул тууралуу Бишкектин ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Жабырлануучу Бишкектин Октябрь РИИБинин №3 бөлүмүнүн инспектору экени аныкталды.
Окуя 11-январда болжол менен саат 16.10дор чамасында болгон.
"Октябрь райондук милициясына 102 кызматы аркылуу аймактагы үйлөрдүн биринде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция жерине барганда жалган маалымат берилгени аныкталды. Үйдүн кожойкеси түшүнүк кат жана арыз жазуудан баш тарткан", — деп айтылат билдирүүдө.
Ийин артериясы жабыркаган лейтенант Улуттук госпиталга жетирилген.
"Ошол замат укук коргоочуга кол салды деп шектелип, үй кожойкесинин 60 жаштагы жездеси кармалды. КРдин Кылмыш- жаза кодексинин "Адам өмүрүнө кол салуу" беренесине ылайык иш козголду", — деп айтылат билдирүүдө.
Октябрь райондук сотунун чечими менен шектелүүчү №1 СИЗОго эки айга камакка алынды.