Учак. Архив

ЖМК: Бишкектен учуп чыккан жүк ташуучу учак Тегеранда кулап түштү

2055
(жаңыланган 12:08 15.01.2019)
Алдын-ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок катачылыктан улам ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна конгон.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тегеранга жакын жерге кулап түшкөн жүк ташуучу Boeing 707 учагы Бишкектен учуп чыкканын РИА Новости агенттиги жазды.

Алдын-ала маалымат боюнча учак Бишкектен чыгып Тегерандын жанындагы Карадж шаарындагы "Пайам" аэропортуна конмок. Бирок катачылыктан улам ошол эле шаардагы "Фатх" аэропортуна конгон.

​Ишенимдүү булактын маалымдашынча, учкуч жерге конуп жатканда учакты башкара албай, ал учуп-конуу тилкесинен чыгып, киши жашаган аймакка кирип кеткен.

​Тегеранга жакын жерде кулап түшкөн учак ирандык авиакомпанияга таандык болгонун жана Бишкектен чартердик каттам аткарганын "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады. Учак Бишкектен 14-январь күнү саат 7.16да учуп чыккан.

Жергиликтүү ЖМКлар кулап түшкөн самолеттун учкучтары аман-эсен экенин жазууда.

2055
Белгилер:
жүк, учак, Тегеран, Бишкек
Тема:
Бишкектен чыгып Иранда кулаган учак (7)
Пикирлер